> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Кытайдын Цзянси провинциясына экспортту көбөйтүүгө кызыкдар
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/09/25/kyrghyzstan-kytaidyn-tsziansi-provintsiiasyna-eksporttu-koboituugho-kyzykdar/
- Published: 2023-09-25T04:15:34.000Z
- Updated: 2023-09-25T04:15:33.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан Кытайдын Цзянси провинциясына экспортту көбөйтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Цзянси провинциясынын губернаторунун орун басары Сун Хуншан менен жолугушууда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.**

Минкаб билдиргендей, жолугушууда тараптар экономика, соода, инфраструктура, транспорт, жашыл энергетика, инвестиция, кайра иштетүү жана тоо-кен казып алуу өнөр жайы, айыл чарба, санариптештирүү, туризм, аймактар аралык мамилелер жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин талкуулашты. 

Ошондой эле президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Цзянси провинциясынын элдик өкмөтүнүн ортосунда бир тууган шаарларды түзүү боюнча мамилелерге кол коюлду.

> «Биз Кытай рыногуна, анын ичинде Цзянси провинциясына өз продукциябызды жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдарбыз», - деп белгиледи Төрөбаев.