Кыргызстан Кытайдын Цзянси провинциясына экспортту көбөйтүүгө кызыкдар

Кыргызстан Кытайдын Цзянси провинциясына экспортту көбөйтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Цзянси провинциясынын губернаторунун орун басары Сун Хуншан менен жолугушууда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Минкаб билдиргендей, жолугушууда тараптар экономика, соода, инфраструктура, транспорт, жашыл энергетика, инвестиция, кайра иштетүү жана тоо-кен казып алуу өнөр жайы, айыл чарба, санариптештирүү, туризм, аймактар аралык мамилелер жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин талкуулашты.

Ошондой эле президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Цзянси провинциясынын элдик өкмөтүнүн ортосунда бир тууган шаарларды түзүү боюнча мамилелерге кол коюлду.

«Биз Кытай рыногуна, анын ичинде Цзянси провинциясына өз продукциябызды жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдарбыз», - деп белгиледи Төрөбаев.