> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Корея кызматташтыкты бекемдөө тууралуу талкуулашты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/09/25/kyrghyzstan-mienien-korieia-kyzmattashtykty-biekiemdoo-tuuraluu-talkuulashty/
- Published: 2023-09-25T09:45:25.000Z
- Updated: 2023-09-25T09:45:24.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кытайдын Ханчжоу шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Азия оюндарынын алкагында Түштүк Кореянын премьер-министри Хан Дук Су менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу минкаб кабарлады.**

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын, анын ичинде жакында эле эки өлкөнүн Мамлекет башчыларынын Нью-Йоркто (Америка Кошмо Штаттары) өткөн жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну кароону талкуулашты.

“Түштүк Корея биздин өлкөнүн Азия-Тынч океан аймагындагы приоритеттүү өнөктөшү болуп саналат жана биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы салттуу достук мамилелерди жогору баалайбыз, ошондой эле биздин кызматташуубуз келечекте дагы бекемделишине ишенебиз”, - деп белгиледи Эдил Байсалов.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекеттер аралык байланыштарды жана эки тарапты кызыктырган түрдүү чөйрөлөрдө эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүнүн кийинки кадамдары белгиленди.