Кыргызстан Пекиндеги Туруктуу транспорт боюнча Биринчи глобалдык форумуна катышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин Пекин шаарында өткөрүлгөн "Туруктуу транспорт: Глобалдык өнүгүүгө көмөктөшүү үчүн биргелешип иштейли" аталышындагы Биринчи глобалдык форумга катышты. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

“Туруктуу транспорт маселеси бир гана өлкөнүн көйгөйү эмес, глобалдуу мүнөзгө ээ. Евразиядагы транспорттук жолдордун ролу, "Бир алкак - бир жол" демилгесинин негизинде кызматташуу, жүктөрдү ташууда логистикалык байланыштарды чыңдоо, анын ичинде "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу боюнча долбоорду жүзөгө ашыруу”, – деди Төрөбаев.  

Мындан тышкары,  "Бедел" көзөмөл өткөрүү пунктунан өтүүчү "Барскоон – Учтурфан – Аксу" жолун куруу, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Азербайжан – Россия жана Европа багыты боюнча "Түштүк транспорттук коридорунун" маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилей кетсек, форумга 50дөн ашуун мамлекеттик жана жеке сектордун өкүлдөрү, эл аралык, аймактык уюмдардын жетекчилери, ири компаниялардын өкүлдөрү катышууда. Форумдун алкагында XV эл аралык транспорт, технология жана жабдуулар көргөзмөсү дагы өтүүдө.