Кепилдик фонд 7 миңинчи кепилдигин берди

«Кепилдик фонд» ААК насыя алуу үчүн 7 миңинчи кепилдигин берди. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, бул кепилдикти алуучу Чүй облусунан жеке бизнесин жүргүзгөн ишкер болду.

Бардыгы болуп 7 жылды түзгөн бүткүл ишмердүүлүгүнүн мезгилинде «Кепилдик фонду» ААК Кыргызстандын ишкерлерине дээрлик 7.3 млрд сомдук 7 005 кепилдик берген.

Ал эми, кредиттердин көлөмү учурда 24 млрд сомдон ашты. Белгилей кетсек, «Кепилдик фонд» ААКсынын кызматтары ишкердиктин түрүнө, бизнес жайгашкан аймакка, көлөмүнө, жүгүртүү каражаттарынын ж.б карабастан каалаган ишкерге жеткиликтүү. Албетте, кепилдик ала турган ишкер болгон милдеттүү стандарттык шарттарды эске алуусу абзел.