Кыргызстан менен кытайлык ишкерлери 150 млн долларды түзгөн меморандумдарга кол коюшту

Пекинде КРнын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги тарабынан уюштурулган ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Такталгандай, Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын 10дон ашуун өкүлдөрү жана Кытайдын ишмердүүлүктүн түрдүү чөйрөлөрүндөгү 80 компаниянын өкүлдөрү болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында КР менен Кытайдын мамлекеттик органдарынын жана ишкерлеринин ортосунда 150 млн доллардан ашуун сумманы түзгөн өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумдарга кол коюлду:

• Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Кытайдын чет өлкөлүк ишканаларды өнүктүрүү ассоциациясы;

• Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Гуандун провинциясынын курулуш материалдары ассоциациясы;

• Экономика жана коммерция министрлиги менен Шандонг электрик технологиясы компаниясы;

• Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу чарба кызматы менен China power international компаниясы;

•  “Кыргыз геология” мамлекеттик ишканасы менен Шиндзи Шанхай өнөр жай корпорациясы;

•  “Кыргыз геология” мамлекеттик ишканасы менен Дэарши компаниясы.