> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жогорку Кеңештин комитети КРнын 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту карады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/09/26/zhoghorku-kienieshtin-komitieti-krnyn-2022-zhylgha-riespublikalyk-biudzhietinin-atkarylyshy-zhonundo-otchiettu-karady/
- Published: 2023-09-26T06:50:46.000Z
- Updated: 2023-09-26T06:50:46.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 26-сентябрдагы Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйынында КРнын 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету каралды.**

ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, жыйында баяндама жасаган Финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев 2022-жылга карата фискалдык саясаттын негизги багыттарына токтолду.

Талкуу маалында депутат Дастанбек Джумабеков 2022-жылга республикалык бюджеттин негизги параметрлерин тактап, ошондой эле «капиталдык салымдар» беренесинде каралган каражаттар боюнча маселени көтөрдү. Министрдин орун басары 2022-жылы бюджеттин киреше бөлүгү 270 млрд сом, чыгаша бөлүгү 283 млрд сом, дефицит 13.1 млрд сом түзгөнүн, капиталдык салымдарга 17.6 млрд сом бөлүнгөнүн маалымдады.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету эске алынды.