Жогорку Кеңештин комитети КРнын 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту карады

Бүгүн, 26-сентябрдагы Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйынында КРнын 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету каралды.

ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, жыйында баяндама жасаган Финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев 2022-жылга карата фискалдык саясаттын негизги багыттарына токтолду.

Талкуу маалында депутат Дастанбек Джумабеков 2022-жылга республикалык бюджеттин негизги параметрлерин тактап, ошондой эле «капиталдык салымдар» беренесинде каралган каражаттар боюнча маселени көтөрдү. Министрдин орун басары 2022-жылы бюджеттин киреше бөлүгү 270 млрд сом, чыгаша бөлүгү 283 млрд сом, дефицит 13.1 млрд сом түзгөнүн, капиталдык салымдарга 17.6 млрд сом бөлүнгөнүн маалымдады.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету эске алынды.