> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Кеченин көмүр байытуу үчүн кендин жанына атайын ишкана курулат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/09/27/kara-kiechienin-komur-baiytuu-uchun-kiendin-zhanyna-ataiyn-ishkana-kurulat/
- Published: 2023-09-27T08:25:02.000Z
- Updated: 2023-09-27T08:25:02.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кара-Кечеге жакын жерде Бишкектин ЖЭБ үчүн көмүрдү байытуу ишканасы курууну пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин «Бишкек-Аламүдүн» аймактык башкармалыгынын башчысы Нурлан Шаршеев билдирди.**

Анын айтымында, башкы көйгөй – күйгөн көмүрдүн көлөмү. Бишкек шаарында жана анын чет жакаларында күз-кыш мезгилине 1.8 млн тонна көмүр керектөө каралса, анын 1.5 млн тоннасы жагылган. Ошондуктан орто мөөнөттүү пландарда Кара-Кече кенинде байытуу фабрикасын куруу чечими кабыл алынган.

> «Завод биздин көмүрдөн чыккан зыяндуу заттарды азайтат. Маселен, импорттолгон 1 миң тонна “Д” классындагы көмүрдү күйгөндө 8.8 тонна зыяндуу заттар бөлүнүп чыкса, биздикинен чийки жана байытылбаган көмүр 12.9 тонна бөлүнүп чыгат. Айырмасы 4.1 тонна – бул да чоң айырма», - деди ал.