Кара-Кеченин көмүр байытуу үчүн кендин жанына атайын ишкана курулат

Кара-Кечеге жакын жерде Бишкектин ЖЭБ үчүн көмүрдү байытуу ишканасы курууну пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин «Бишкек-Аламүдүн» аймактык башкармалыгынын башчысы Нурлан Шаршеев билдирди.

Анын айтымында, башкы көйгөй – күйгөн көмүрдүн көлөмү. Бишкек шаарында жана анын чет жакаларында күз-кыш мезгилине 1.8 млн тонна көмүр керектөө каралса, анын 1.5 млн тоннасы жагылган. Ошондуктан орто мөөнөттүү пландарда Кара-Кече кенинде байытуу фабрикасын куруу чечими кабыл алынган.

«Завод биздин көмүрдөн чыккан зыяндуу заттарды азайтат. Маселен, импорттолгон 1 миң тонна “Д” классындагы көмүрдү күйгөндө 8.8 тонна зыяндуу заттар бөлүнүп чыкса, биздикинен чийки жана байытылбаган көмүр 12.9 тонна бөлүнүп чыгат. Айырмасы 4.1 тонна – бул да чоң айырма», - деди ал.