Акылбек Жапаров: МЖӨ моделдеринин жардамы аркылуу жеке сектордун өнүгүшүн камсыз кылууга умтулабыз

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) боюнча II эл аралык конференциясына катышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.

“Биз мамлекеттик-жеке өнөктөштүк моделдеринин жардамы аркылуу жеке сектордун өнүгүшүн камсыз кылууга умтулабыз. Мындай иш-чаралар жергиликтүү адистердин потенциалын жогорулатууга жана долбоорлорду алдыга жылдырууга эң сонун мүмкүнчүлүк берет”, - деди ал.

Ошондой эле билим берүү, саламаттыкты сактоо, каржы, инвестиция, курулуш жана инфраструктура тармактарында жеке сектордун катышуусунда мамлекет тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлорго кеңири токтолуп, өзгөчө энергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы долбоорлорду белгиледи.

“Биз энергетика тармагында болуп көрбөгөндөй реформаларды ишке ашыра баштадык. Жеке инвестицияларды тартуу үчүн “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөр киргизилди, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлор үчүн жер участокторун берүүнүн бирдиктүү терезеси болуп калган Жашыл энергетика фонду түзүлдү, бир катар кичи жана ири ГЭСтердин курулуш башталды. Ошондой эле күн энергиясын пайдалануу менен бир катар МЖӨ долбоорлорун даярдоо иштери аяктоо алдында турат”, - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Жапаров белгилегендей “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк эл аралык конференциясы биздин кызматташтыгыбызды чыңдоого салым кошот, ошондой эле салттуу жана авторитеттүү аянтча болуп калат, анда жаңы келишимдер түзүлөт жана мындан аркы актуалдуу маселелер талкууланып, мамлекеттик жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү маселеси чечилет”.