> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# China National Electric Engineering Company Кыргызстанда ГЭС курууга жардам берүүгө даяр
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/09/28/china-national-electric-engineering-company-kyrghyzstanda-ges-kuruugha-zhardam-bieruugho-daiar/
- Published: 2023-09-28T06:10:11.000Z
- Updated: 2023-09-28T06:10:10.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайдын энергетика иштери боюнча мамлекеттик башкармалыгынын директору Чжан Цзяньхуа мырза менен жолугушту. Бул тууралуу министрлик билдирди.**

Жолугушууда тараптар Кыргызстанда гидроэлектрстанцияларды жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу маселелери боюнча эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Жолугушууда China National Electric Engineering Company кытай компаниясы менен гидроэлектрстанцияларды жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. 

Ошондой эле Ибраев China National Electric Engineering Company кытай компаниясы менен гидроэлектрстанцияларды жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/09/384336450_313172284641087_9212542254651994479_n-1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/09/384336870_313172344641081_6382489467527920961_n.jpg)