China National Electric Engineering Company Кыргызстанда ГЭС курууга жардам берүүгө даяр

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайдын энергетика иштери боюнча мамлекеттик башкармалыгынын директору Чжан Цзяньхуа мырза менен жолугушту. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Жолугушууда тараптар Кыргызстанда гидроэлектрстанцияларды жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу маселелери боюнча эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Жолугушууда China National Electric Engineering Company кытай компаниясы менен гидроэлектрстанцияларды жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Ошондой эле Ибраев China National Electric Engineering Company кытай компаниясы менен гидроэлектрстанцияларды жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду.