Кыргызстан менен Кытай жүк ташуу тармагындагы кызматташууну күчөтүүнү талкуулашты

Министрле кабинетинин өкүлдөрү Кытайдын өнүктүрүү жана реформалар боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Чжэн Шаньцзе менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу транспорт министрлиги Тилек Текебаев билдирди.  

Анын айтымында, жолугушууда эки өлкөнүн өз ара мамилеси тууралуу пикир алышып, үстүбүздөгү жыл Кыргызстан менен Кытай үчүн "бардык багыттар боюнча тарыхый жана жемиштүү жыл болгону" белгиленди.  

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолун куруу долбоору, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү пункттарын модернизациялоо менен жүк ташуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, жаңы "Бедел" өткөрүү пунктун ачуу,  биргелешкен жаңы энергетикалык долбоорлорду ишке киргизүү маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында эки өлкөгө пайда алып келе турган биргелешкен жаңы долбоорлорду тездетип ишке киргизүү, аларды каржылоонун моделин аныктоо боюнча зарыл чараларды көрүү, жетишилген макулдашууларды ишке ашырууда бардык деңгээлдеги байланыштарды активдүү кармап туруу шартталды.