Салыктык эмес кирешелер 60.3 млрд сомду түздү – Финансы министрлиги

Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү алдын ала маалыматтары боюнча 2023-жылдын январь-август айларынын көрсөткүчү 251.9 млрд сомду же белгиленген пландык тапшырмадан 11.6%ды түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Ɵткөн жылдын бирдей мезгилине салыштырмалуу бюджеттин жалпы кирешелери 36.2%га же 67 млрд сомго өстү. Отчеттук мезгил үчүн салыктык кирешелердин көлөмү 184 млрд сомду же пландан 103.3%ды түздү. Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу салыктык кирешелер 40.4 млрд сомго же 28.1%га өстү.

Салык кызматы тарабынан администрацияланган мамлекеттик бюджеттин салыктык кирешелери 115.2 млрд сомду түздү, пландуу көрсөткүч 0.9%га аткарылды. Ɵткөн жылдын бирдей мезгилине салыштырмалуу салык кызматы тарабынан администрацияланган салыктык кирешелери 16.6%га же 16.4 млрд сомго өстү.

Бажы кызматы тарабынан администрацияланган салыктык кирешелери 68.8 млрд сомду же пландан 7.7%ды түздү. Өткөн жылдын тиешелүү деӊгээлине салыштырмалуу бажылык төлөмдөрдүн жана салыктардын түшүүлөрү 53.4%га же 23.9 млрд сомго өстү.

Мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери каралып жаткан мезгил үчүн 60.3 млрд сомду же пландан 46.4%ды түздү. Ɵткөн жылдын бирдей мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр дээрлик 2 эсеге же 28.1 млрд сомго өстү. Түшүүлөрдүн олуттуу өсүшү берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздардан, мамлекеттик акциялардын пакетине кошуп эсептелген.

Улуттук банкынын пайдасынан, жыйымдардан жана төлөмдөрдөн, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөрдөн жана дагы башка салыктык эмес кирешелерден байкалууда. Расмий гранттардын түшүүсү 7.6 млрд сомду тузду.