Бакыт Төрөбаев Кытайда «Джунда» ишканасынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайга болгон жумуш сапарынын алкагында Шэньси көмүр химиялык мамлекеттик корпорациясынын «Джунда» ишканасынын жетекчиси Чжан Вэньци менен сүйлөшүүсү болуп өттү. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай өнөр жай тармагындагы кызматташуусу, Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан «Чайна Петрол Компани Джунда» ЖЧК нефтини кайра иштетүүчү заводун модернизациялоонун экинчи этабын баштоо боюнча маселелер каралды.

Ошондой эле кыргыз делегациясын баштап барган Бакыт Төрөбаев "Шеньсий геологиялык чалгындоо корпорациясы" компаниялар тобунун жетекчилиги менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы геологиялык чалгындоо, тоо-кен тармагындагы ишмердүүлүктү жаңы деңгээлге көтөрүү маселелерин талкуулады.