Кытай Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө биринчи орунда турат – Экономика министрлиги

2023-жылдын 27-сентябрында Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердүүлүгүнө жооптуу министрлеринин 22-жыйынынын алкагында министр Данияр Амангелдиев менен Кытай Элдик Республикасынын соода министринин орун басары Лин Цзи мырзанынт эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Амангелдиев акыркы мезгилде жогорку деңгээлде, өкмөттөр аралык деңгээлде, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес түзүмдөрү аркылуу өз ара иш сапарлар жана иш-чаралар жигердүү жүргүзүлүп жатканын баса белгилеп, ошондой эле кыргыз тарап оң баа берип жатканын белгиледи. өз ара сапарлардын жыйынтыктарын жана эки тараптуу кызматташтыктын мындан ары да кеңири чөйрөлөрдө өнүгө берерине ишеним артты.

Кытайдын соода министринин орун басары Лин Цзи мырза чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердүүлүгүнө жооптуу ШКУга мүчө мамлекеттердин министрлеринин Кеңешинин ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Лин Цзи мырза Кытай тарап Эркеч-Тамдын жол өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн, «Чүйдү айланып өтүүчү каналды (АЧК-2) куруу» долбоорун жана күн тартибиндеги башка актуалдуу маселелерди кароого даяр экендигин билдирди.

Тараптар ошондой эле өз ара соода жүгүртүүнүн өсүшү уланып жатканын баса белгилешти, бул өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн жана экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн анын потенциалын ырастайт.