> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Франциялык EDF энергетика тармагында кызматташууга кызыкдар
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/10/03/frantsiialyk-edf-enierghietika-tarmaghynda-kyzmattashuugha-kyzykdar/
- Published: 2023-10-03T06:40:16.000Z
- Updated: 2023-10-03T06:40:15.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Франциянын Electricite de France (EDF) компаниясынын Борбор Азия боюнча өкүлү Пьер-Поль Антониссэнс жана Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту. Бул тууралуу мекеме билдирди.**

Тараптардын Кыргызстандын аймагында EDF компаниясынын катышуусу менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиги баса белгиленип, бул багыттагы мындан аркы кадамдар талкууланды.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенишүүнү жана Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы саясий диалогду активдештирүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан аркы биргелешкен иш алып барууга даярдыгын билдиришти.