4 жылдын ичинде Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунда 665.8 млн сом финансылык бузууларды аныкталды

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясында 2019-2022-жылдар аралыгына (4 жыл үчүн: 2019-жыл, 2020-жыл, 2021-жыл, 2022-жыл) карата бюджеттин аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эсептик палатасы билдирди.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен аныкталган баардык финансылык бузуулардын жалпы суммасы 665.8 млн сомду түзгөн, анын ичинен:

• бюджеттик тутумундагы бюджеттерди аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 310.9 млн сом;

• мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 163.4 млн сом;

• эсеп жана отчеттуулук тартибин бузуулар – 163.5 млн сом;

• мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар – 27.9 млн сом.

Аудит учурунда калыбына келтирүүгө тийиш болгон 249 млн сомдун ичинен 152.5 млн сому өндүрүлгөн. Жалпы 17 жол-жоболук бузуулар аныкталган.

Аудиттин жыйынтыгы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын жетекчилигинин, бөлүм башчыларынын жана финансы кызматкеринин катышуусу менен аймактык бөлүнүштүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Отчет, сунуш; аудит объектисине аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйрук, сунуш жөнөтүлгөн.