> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Франциядагы көргөзмөдө Кыргызстандагы стенди орнотулду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/10/04/frantsiiadaghy-korghozmodo-kyrghyzstandaghy-stiendi-ornotuldu/
- Published: 2023-10-04T10:30:04.000Z
- Updated: 2023-10-04T10:30:03.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Парижде Европадагы эң чоң көргөзмөлөрдүн бири болгон эл аралык IFTM Top Reza саякат көргөзмөсү башталды. Туризмди өнүктүрүү фондунун улуттук көргөзмө стенди боз үй – кыргыз боз үйүнүн стилинде жасалды. Бул тууралуу мекеме билдирди.**

Көргөзмөгө келгендер абдан жагымдуу көрүнөт. Оригиналдуу дизайн көргөзмөнүн ачылышынын алгачкы сааттарында эле француз туристтик компанияларында гана эмес, журналисттердин арасында да кызыгууну арттырды. Журналистерди жана көргөзмөнүн катышуучуларын кыргыздардын көчмөн каада-салттары кызыктырды, Кыргызстанда кандай жерлерди баруп көрүүгө болот экенин сурап жатышты.

Көргөзмөнүн ачылышына КРнын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз жана Туризм фондунун президенти Абылкасым Шерниязов катышты. 

Париждеги туристтик көргөзмө 1978-жылдан бери өткөрүлүп келет жана ага жыл сайын 30 миңден ашык адам катышат. Ал туризмдин бардык тармактарын камтыйт: бизнес, эс алуу, топтук туризм жана MICE. IFTM Top Reza үч күндүн ичинде өтөт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/10/386587145_336233355735010_7721492759990227273_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/10/386594779_336233369068342_4743911917378286978_n.jpg)