Сентябрдын планын Бажы кызматы 11.4% ашык аткарды

2023-жылдын сентябрь айында Бажы кызматы 10.7 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, белгиленген план 11.4%га аткарылды же 1.1 млрд сомго көп чогултулду.

2022-жылдын сентябрына салыштырмалуу түшүүлөр 2.6 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 32.5%ды түздү.

2023-жылдын январь-сентябрь айлары үчүн бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн болжолу Финансы министрлиги тарабынан 73.4 млрд сом өлчөмүндө белгиленген. 2023-жылдын 9 айында бажы кызматы 79.4 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. План 8.2%га аткарылды же 6 млрд сомго көп чогултулду.

2022-жылдын 9 айына салыштырмалуу түшүүлөр 26.6 млрд сомго көбөйдү же өсүү темпи 50.2%ды түздү.