> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Джунда» заводун кайра иштетүү боюнча практикалык иш-чаралар башталды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/10/06/dzhunda-zavodun-kaira-ishtietuu-boiuncha-praktikalyk-ish-charalar-bashtaldy/
- Published: 2023-10-06T04:50:32.000Z
- Updated: 2023-10-06T04:50:32.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кара-Балта шаарындагы «Джунда» мунай иштетүүчү заводуна барып, анын алкагында Кытайдан заводду калыбына келтирүү жана модернизациялоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келген жумушчу топтун эксперттери менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди.**

Төрөбаев белгилегендей, анын жакында эле Кытайдын Шэньси провинциясына болгон жумуш сапарынын алкагында «Джунда» заводун ишке киргизүүгө багытталган иштерди жандандыруу боюнча макулдашуу жетишилген.

«Биз заводдун тезирээк ишке киришине кызыкдарбыз, көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн кыргыз тараптан бардык чаралар көрүлөт», – деди Бакыт Төрөбаев.

> Өз кезегинде жумушчу топтун жетекчиси Чжан Лиган кытай тарап заводдун ишин жандандыруу боюнча далилдүү чараларды көрөөрүн, ошондой эле акырындык менен модернизациялоону баштаарын айтып, Кыргызстанга кесипкөй техникалык эксперттердин тобу келээрин кошумчалады.