> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Министр Данияр Амангелдиев ПРООНдун жаңы туруктуу өкүлү Александра Соловьева менен жолугушту
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/10/06/ministr-daniiar-amanghieldiiev-proondun-zhany-turuktuu-okulu-alieksandra-solovieva-mienien-zholughushtu/
- Published: 2023-10-06T08:30:35.000Z
- Updated: 2023-10-06T08:30:34.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 5-октябрында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (ПРООН) Кыргызстандагы жаңы туруктуу өкүлү Александра Соловьеванын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлик билдирди.**

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, административдик-аймактык реформага көмөктөшүү жана аймактардын экономикалык потенциалын өнүктүрүү, “жашыл экономиканы” илгерилетүү жаатында кызматташуунун, чакан жана орто бизнести, өзгөчө “аялдардын ишкердигин” колдоо маселелери жана өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн келечегин талкуулашты.

Жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты тереңдетүүнүн мындан аркы багыттарын белгилешти.