Россиялык «Титан» компаниялар тобу Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров россиялык «Титан» компаниялар тобунун директорлор кеңешинин төрагасы Михаил Сутягинскийди кабыл алды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өнөр жай, агроөнөр жай жана мунай-химия тармактарындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Минкаб төрагасы «Кыргызстан туруктуу өнүгүүнүн жана мунай өнөр жайынын инфраструктурасын модернизациялоонун жолунда» деп белгиледи.

Өз кезегинде Михаил Сутягинский «Титан» компаниясы өлкөнүн мунай-химиялык комплексин өнүктүрүү менен алектенген Россиянын 600 ири компаниясынын рейтингине киргендигин, жылына 500 миң тоннадан ашуун продукция өндүрүп жатканын, ошондой эле эл аралык экологиялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыраарын билдирди.

Ал Кыргызстан инвесторлор үчүн чоң кызыгууну жаратып жатканын, өлкөнүн либералдык мыйзамдары бизнести эң ыңгайлуу шарттарда жүргүзүүгө мүмкүндүк берээрин белгилеп, компания эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда кызматташууга даяр экенин кошумчалады.