Тармактык комитет 2022-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышын карады

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда 2022-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету каралды.

Комитет отурумунда финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев баяндама жасады. Бул тууралуу парламент билдирди.

Талкуунун жүрүшүндө, депутат Алишер Эрбаев Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарууга 19.8 млрд сом коротулганын тактап, чыгымга учураган жагдай боюнча министрликти сынга алды. Ошондой эле, ал аймактардагы өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын чыгымдарынын бөлүнүшүн сурады.

Министрдин орун басары 2022-жылы 33.6 млрд сом мамлекеттик карызды төлөөгө багытталып, анын 22 млрд сому тышкы карызга коротулганын айтты. 6 облустук, 40 райондук денгээлдеги өнүктүрүү фонддору бардыгын толуктаган Үмүтжан Аманбаев алардын чыгымдарын облус башчылары менен район акимдери көзөмөлгө аларын белгиледи.