Кыргызстандын ИПДсы 4.2% өстү

2023-жылдын январь-сентябрь айларында ички дүң продуктунун көлөмү алдын-ала баалоо боюнча 808 млрд сомду түзүп, 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4.2%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Такталгандай, 2023-жылдын январь-сентябрь айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 331 млрд сомдон ашып, фармацевтикалык продукцияларды (70.6%га), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын (49.4%га), химиялык продукцияларды өндүрүүнүн (34.9%га), текстиль өндүрүшү, кийим жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдарын (33.7%га), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүнүн, полиграфия ишмердигинин (22.9%га) тазаланган мунайзат продуктуларын (4.7%га), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (2%га), ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун (3.8%га) көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен 2022-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 0.7%га өстү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү (өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен). Курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдүн өсүшү 13.7%, дүң жана чекене соодада 18.9% түздү.

Быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында (мурунку жылдын декабрына салыштырганда) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 5.7% түздү. Мында алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын баалары 10.3%га, азык-түлүк эмес товарлардын баалары 9.3%га, тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 2.7%га, ал эми калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 6.8%га жогорулады.