> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/10/11/kytai-zharandary-uchun-vizasyz-riezhim-kirghizildi/
- Published: 2023-10-11T09:21:19.000Z
- Updated: 2023-10-11T09:21:19.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кытайдын жарандары жана Гонконг жана Макао аймактарынын тургундары үчүн визасыз режими киргизилди. Бул тууралуу минкаб билдирди.**

Такталгандай, бул маалыматты "Бир алкак, бир жол" демилгесинин 10 жылдыгына арналган "Кыргызстан-Кытай" достук коомунун жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Ошондой эле АКШ, Улуу Британия жана Европа Биримдигине ачык визасы бар кытайлыктар да бул жеңилдиктен пайдалана алышат.

Бул чечим Кыргызстан менен Кытайдын элдеринин ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүүгө, ошондой эле маданий жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жасалган кадам болуп саналат.