Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизилди

Кытайдын жарандары жана Гонконг жана Макао аймактарынын тургундары үчүн визасыз режими киргизилди. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Такталгандай, бул маалыматты "Бир алкак, бир жол" демилгесинин 10 жылдыгына арналган "Кыргызстан-Кытай" достук коомунун жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Ошондой эле АКШ, Улуу Британия жана Европа Биримдигине ачык визасы бар кытайлыктар да бул жеңилдиктен пайдалана алышат.

Бул чечим Кыргызстан менен Кытайдын элдеринин ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүүгө, ошондой эле маданий жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жасалган кадам болуп саналат.