> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылы ИПД өсүү тенденциясы сакталды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/10/12/2023-zhyly-ipd-osuu-tiendientsiiasy-saktaldy/
- Published: 2023-10-12T10:40:15.000Z
- Updated: 2023-10-12T10:40:14.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын ИДПсы алдын-ала баалоо боюнча 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 808 млрд ашык сомду түздү жана мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштармалуу 4.2% жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.**

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактары жана продукттарга таза салыктар тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, 2022-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу продукттарга таза салыктардын өсүү темпи 5.5%, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 5.1%, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 2.4% жогорулады.

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (52% жакын) өткөн жылдын жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип 0.6% пунктка жогорулаган, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү, тескерисинче, 3.5% пунктка төмөндөдү жана 30.2% түздү. Муну менен бирге, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өнөр жайдын үлүшү 14.3% түзүп, 1.6% пунктка төмөндөдү, айыл чарбасынын үлүшү 10.9% түздү жана 1.6% пунктка төмөндөдү.