2023-жылы ИПД өсүү тенденциясы сакталды

Кыргызстандын ИДПсы алдын-ала баалоо боюнча 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 808 млрд ашык сомду түздү жана мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштармалуу 4.2% жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактары жана продукттарга таза салыктар тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, 2022-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу продукттарга таза салыктардын өсүү темпи 5.5%, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 5.1%, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 2.4% жогорулады.

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (52% жакын) өткөн жылдын жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип 0.6% пунктка жогорулаган, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү, тескерисинче, 3.5% пунктка төмөндөдү жана 30.2% түздү. Муну менен бирге, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өнөр жайдын үлүшү 14.3% түзүп, 1.6% пунктка төмөндөдү, айыл чарбасынын үлүшү 10.9% түздү жана 1.6% пунктка төмөндөдү.