> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан-Россия аймактар аралык конференциясында 3.5 млрд доллардан ашуун келишимдерге кол коюлду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/10/12/kyrghyzstan-rossiia-aimaktar-aralyk-konfierientsiiasynda-3-5-mlrd-dollardan-ashuun-kielishimdierghie-kol-koiuldu/
- Published: 2023-10-12T06:05:47.000Z
- Updated: 2023-10-12T06:05:46.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Жалал-Абад шаарында өткөн «Кыргызстан менен Россиянын өнөр жай кооперациясынын жаңы горизонттору» Кыргызстан-Россия аймактар аралык X мааракелик конференциясынын жыйынтыгында жалпы суммасы 3.5 млрд долларын түзгөн документтерге жана келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу минкаб билдирди.**

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. Тарыхый жана союздаштык байланыштар, стратегиялык өнөктөштүк жана бирдиктүү интеграциялык мейкиндикте – Евразиялык экономикалык биримдикте жайгашуу Кыргызстан менен Россиянын көп кырдуу кызматташтыгынын бекем пайдубалы болуп саналат.

МинКаб Төрагасынын айтымында, 2018-жылдан 2022-жылга чейинки 5 жылдык мезгилде өз ара соода жүгүртүү 1.8 эсеге, анын ичинде экспорт дээрлик 3 эсеге, импорт 19.3%га өскөн. Өткөн жылы соода жүгүртүү рекорддук деңгээлге жетти, ал 3.4 млрд АКШ долларын түзүп, Кыргызстандын жалпы соода жүгүртүүсүндөгү Россиянын үлүшү дээрлик 28%ды (27.4%), анын ичинде экспортто – 44,1% жана импортто – 23.6% түздү.

Гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, анын ичинде шамал жана күн электр станцияларын куруу, ошондой эле геология, медицина, балык чарбасы, темир жол тармагы, автомобиль жабдууларын сатып алуу боюнча келишимдерге кол коюлду.