Кыргызстан-Россия аймактар аралык конференциясында 3.5 млрд доллардан ашуун келишимдерге кол коюлду

Жалал-Абад шаарында өткөн «Кыргызстан менен Россиянын өнөр жай кооперациясынын жаңы горизонттору» Кыргызстан-Россия аймактар аралык X мааракелик конференциясынын жыйынтыгында жалпы суммасы 3.5 млрд долларын түзгөн документтерге жана келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. Тарыхый жана союздаштык байланыштар, стратегиялык өнөктөштүк жана бирдиктүү интеграциялык мейкиндикте – Евразиялык экономикалык биримдикте жайгашуу Кыргызстан менен Россиянын көп кырдуу кызматташтыгынын бекем пайдубалы болуп саналат.

МинКаб Төрагасынын айтымында, 2018-жылдан 2022-жылга чейинки 5 жылдык мезгилде өз ара соода жүгүртүү 1.8 эсеге, анын ичинде экспорт дээрлик 3 эсеге, импорт 19.3%га өскөн. Өткөн жылы соода жүгүртүү рекорддук деңгээлге жетти, ал 3.4 млрд АКШ долларын түзүп, Кыргызстандын жалпы соода жүгүртүүсүндөгү Россиянын үлүшү дээрлик 28%ды (27.4%), анын ичинде экспортто – 44,1% жана импортто – 23.6% түздү.

Гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, анын ичинде шамал жана күн электр станцияларын куруу, ошондой эле геология, медицина, балык чарбасы, темир жол тармагы, автомобиль жабдууларын сатып алуу боюнча келишимдерге кол коюлду.