> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын соодасынын көлөмү 9.4 млрд долларды түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/10/12/kyrghyzstandyn-soodasynyn-kolomu-9-4-mlrd-dollardy-tuzdu/
- Published: 2023-10-12T03:25:20.000Z
- Updated: 2023-10-12T03:25:28.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-август айларында 9.4 млрд долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.**

Такталгандай, **сооданын** көлөмү 2022-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу **27.3% көбөйдү, ал эми экспорттук берүүлөр 46.7%, импорттук түшүүлөр 23.3% өстү.**

2023-жылдын январь-август айларында республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2.7 млрд АКШ долларын түзүп, 2022-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 10.1% азайды. Мында экспорттук жеткирүүлөр 0.7% көбөйдү, ал эми импорттук түшүүлөр тескерисинче 14.1% төмөндөдү.

2023-жылдын январь-август айларында республиканын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (65.6%) жана Казакстанга (32.1%) туура келди.