Кыргызстандын соодасынын көлөмү 9.4 млрд долларды түздү

Товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-август айларында 9.4 млрд долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Такталгандай, сооданын көлөмү 2022-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 27.3% көбөйдү, ал эми экспорттук берүүлөр 46.7%, импорттук түшүүлөр 23.3% өстү.

2023-жылдын январь-август айларында республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2.7 млрд АКШ долларын түзүп, 2022-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 10.1% азайды. Мында экспорттук жеткирүүлөр 0.7% көбөйдү, ал эми импорттук түшүүлөр тескерисинче 14.1% төмөндөдү.

2023-жылдын январь-август айларында республиканын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (65.6%) жана Казакстанга (32.1%) туура келди.