Чүй облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 41.7 млн сом жумшалды

Чуй облусу боюнча 2023-жылдын 9 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 41.7 млн сом суммасында 46 долбоор каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Каржыланган гранттар:

·         24 мектепке – 19 млн сом;

·         бир саламаттык сактоо мекемеге – 0.8 млн сом;

·         алты инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 8.7 млн сом;

·         эки спорттук курулуштарга – 2.4 млн сом;

·         тогуз маданий маанидеги объектилерге – 8.7 млн сом;

·         4 бала бакчага – 2.1 млн сом.