Нарынга жыл башынан бери дем берүүчү гранттын эсебинен 13.6 млн сом жумшалды

Нарын облусу боюнча 2023-жылдын 9 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 13.6 млн сом суммасында 18 долбоор каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Такталгандай, каражаттардын ичинен:

·         6 мектепке – 4.6 млн сом;

·         3 спорттук курулуштарга – 2 млн сом;

·         7 маданий маанидеги объектиге – 4.1 млн сом;

·         2 бала бакчага – 2.9 млн сом.