Россия менен Кыргызстандын маморгандары туризмди чогуу өнүктүрүүгө кызыкдар

2023-жылдын 11-октябрында Жалал - Абад облусунун Жалал – Абад шаарында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусу менен “Кыргызстан жана Россиянын өнөр жай кооперациясынын жаңы горизонттору” аттуу Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясы болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги эскертти.

Иш-чаранын алкагында Туризм департаменти “Туризм индустриясын жаңы реалдуулукта өнүктүрүүнүн келечеги” аттуу  панелдик сессияны уюштурду.

Панелдик сессиянын максаты КР менен Россиянын ортосундагы туризм боюнча кызматташтыкты чыңдоо, россиялык туристтерди тартуу, КРнын туризм потенциалын кеңири жайылтуу болуп саналат.

Панелдик сессиянын жүрүшүндө тараптар өз ара туристтик агымдардын көлөмүн арттыруу жана туруктуу туризмди өнүктүрүү жаатында инструменттерди киргизүү жана колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Панелдик сессиянын жыйынтыгы боюнча туризм боюнча мамлекеттик органдардын ортосунда андан ары иштөө үчүн тараптардын сунуштары менен протокол түзүлдү.