Ош дем берүүчү гранттардын эсебинен 60 млн сом жумшалды

Ош облусу боюнча 2023-жылдын 9 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 60 млн сом суммасында 54 долбоор каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Такталгандай, алар:

·         17 мектепке – 17.8 млн сом;

·         1 саламаттык сактоо мекемелерине – 600 миң сом;

·         18 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 21.4 млн сом;

·         2 спорттук курулуштарга – 5.2 млн сом;

·         6 маданий маанидеги объектиге – 5 млн сом;

·         10 бала бакчага – 10 млн сом жумшалды.