Талас облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 23.6 млн сом жумшалды

Талас облусу боюнча 2023-жылдын 9 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 23.6 млн сом суммасында 18 долбоор каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Алар:

·         8 мектепке – 11.2 млн сом;

·         1 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине 800 миң сом;

·         4 спорттук курулуштарга – 3.8 млн сом;

·         3 маданий маанидеги объектиге – 4.7 млн сом;

·         2 бала бакчага – 3.1 млн сом жумшалды.