2024-жылы Кыргызстандын бюджетинин жалпы кирешеси 378.4 млрд сомду түзөт

2024-жылга мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 378 млрд 437.9 млн сом суммасында каралган. Бул тууралуу ЖКнын социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында финансы министринин орун басары Руслан Сүйналиев билдирди.

Такталгандай, 2024-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы суммасы финансылык активдерди эсепке албаганда 358.8 млрд сом өлчөмүндө белгиленет. 2024-жылга республикалык бюджеттин профицити 19.6 млрд сомду же ИДПга карата 1.6%ды түзөт