Иран Кыргызстандын төө буурчагына “Ден соолук сертификатынын” жойду

2023-жылдын 9 айынын ичинде Иранга төө буурчактын экспорттук көлөмү 5.6 миң тоннаны түзгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Мындан тышкары ушул эле убакытта төө буурчак ири көлөмдө Турцияга – 8.1 миң тонна, Россияга – 7.8 миң тонна, Сербияга – 3.3 миң тонна, Грузияга – 1.4 миң тонна, Индияга – 990 тонна жана башка чет мамлекеттерге бардыгы болуп – 29.2 миң тонна экспорттолгон.

Такталгандай, Ирандын Айыл чарба жихадынын Өсүмдүктөрдү коргоо уюмунун расмий нотасы келип түшкөн. Анда Кыргызстандан Иранга импорттолуп жаткан төө бурчактын кызыл, ак жана пинто түрлөрү Иран үчүн карантиндик фитосанитардык тобокелдиги төмөн болгон товарлардын тизмесине кирээрин жана бул продукцияны экспорттоодо фитосанитардык сертификат талап кылынары жана “Ден соолук сертификатынын” зарылдыгы жок экендиги белгиленген.