Кыргызстан менен БАЭ “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” холдингин түзүү маселесин кайрадан талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары – БАЭ) болгон жумуш сапарынын алкагында БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Аль-Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Тараптар КРда инвестициялык долбоорлорду андан ары ишке ашыруу үчүн негиз боло турган “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” биргелешкен холдингинин ишмердүүлүгүн талкуулашты.

Бул багытта биргелешкен холдингдик компанияны практикалык негизде ишке киргизүүнү тездетүү зарылчылыгы белгиленди.

Андан ары тараптар энергетика, гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшүн кеңири талкуулашты, атап айтканда, “Масдар” компаниясы тарабынан Ысык-Көл облусунда күн фотоэлектр станциясынын курулушу айтылды.