Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу Кыргызстандын аймагынан курулуп башталышы мүмкүн

Транспорт жана коммуниациялар министрлиги жана “Кыргыз Темир Жолу” ишканасы менен биргеликте өзбекстандык кесиптештер менен Кытай – Кыргызстан – Ө бекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.

Такталгандай, Аталган долбоорду каржылоонун ар кандай моделдерин талкууланды. Алардын ичинен үчөөнө токтолуп, негизинен МЖӨгө басым жасалат.

Өзбекстандык кесиптештер бул моделдердин бардыгын колдоого алып, Кыргызстандын аймагында темир жолдун курулушун баштоого кызыктар экендиктерин билдиришти.