> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11.8 млрд куб метрди түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/10/16/toktoghul-suu-saktaghychyndaghy-suunun-kolomu-11-8-mlrd-kub-mietrdi-tuzdu/
- Published: 2023-10-16T09:00:58.000Z
- Updated: 2023-10-16T09:00:57.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 16-октябрына карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд 873 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 300 куб метрди түзүп, сууну керектөө секундасына 170 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.