“Кыргызалтын” алтын куймаларын чыгаруу боюнча ишкананын курулушун баштады

Кара-Балтада “Кыргызалтын” ААКнун “Аффинаж заводунун” филиалынын базасында өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу боюнча ишкананын курулушун баштады. Бул тууралуу минка билдирди.

Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бул долбоордун өлкө үчүн маанилүүлүгү жогору экенин белгиледи. Аны ишке ашыруу менен баалуу металдарды ата мекендик рынокто өнүктүрүү жана ата мекендик ишканалардын өндүрүүсүнүн эсебинен баалуу металдардын жүгүртүлүшүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

Адистердин белгилөөсүндө, буга чейин өлчөнгөн алтын куймалары чет өлкөдө чыгарылып келсе, мындан ары Кыргызстанда чыгарыла баштайт. Мындан тышкары, тыйындар, сувенирдик тыйындар, медалдар, ар кандай көлөмдөгү ордендер чыгарылат. Өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу үчүн Италия жана Германиянын алдыңкы заманбап технологияларын колдонуу пландалууда.

Жалпы 1.5 миң чарчы метр аянтка салына турган өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу боюнча ишкананы ишке киргизүү 2024-жылдын биринчи кварталына пландалууда. Кошумчалай кетсек, имараттын курулушу “Кыргызалтын” ААКнын өз эсебинен каржыланат.