Өкмөт эл аралык инвесторлорду Кыргызстанга чакырды

Кыргызстан глобалдык чакырыктарды чечүү жана өсүү мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу үчүн эл аралык коомчулук менен биргелешип иштөөгө умтулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абу-Дабиде (Бириккен Араб Эмираттары) БУУнун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясы (ЮНКТАД) тарабынан уюштурулган 8-Бүткүл дүйнөлүк инвестициялык форумунун жүрүшүндө билдирди.

МинКаб Төрагасы ошондой эле БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттары “КРнын мамлекеттик саясатынын негизи болуп саналат жана өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү Улуттук стратегиясына киргизилген” деп белгиледи.

Ал ошондой эле Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстандын таза гидроэнергетикасын өнүктүрүү үчүн эбегейсиз потенциалы бар экенин кошумчалады.

“Учурда биз колдо болгон кубаттуулуктун 13%ын гана пайдаланып жатабыз. Бул тармактын келечеги зор экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү аныктайт, ошондой эле аймакта жана анын чегинен тышкары отун-энергетикалык балансты камсыз кылат. Өндүрүштүн алдыңкы технологияларын киргизүү аркылуу дүйнөдөгү таза энергияны негизги камсыздоочулардын бири болууну каалайбыз”, – деди Жапаров.

Сөзүнүн аягында Акылбек Жапаров чет элдик инвестицияларды тартуу жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү Кыргызстандын экономикалык саясатынын негизги приоритети экенин кошумчалады.

“Биз эл аралык өнөктөштөрдү Кыргызстанга инвестиция салууга чакырабыз”, – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.