2023-жылдын 9 айына капиталдык салымдар беренеси боюнча 5.4 млрд сом каржыланды

2023-жылга капиталдык салымдар беренесинен республикалык бюджеттин такталган планы боюнча 5.6 млрд сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Акыркы 9 айдын ичинде 1 325 социалдык объектиге 5.4 млрд сом каржыланды.

Алар:

• Чүй облусуна – 104 объектке 327 млн сом;

• Баткен облусу – 1.21 млрд сомго 539 объект;

• Жалал-Абад облусу – 1.06 млрд сомго 189 объект;

• Ысык-Көлгө – 977 млн сомдук 116 объект;

• Нарын облусуна – 450 млн сомдук 106 объект;

• Ош облусу боюнча – 211 объект 1.18 млрд сомго;

• Талас облусуна – 221 млн сомго 60 объект каржыланды.