Пакистан менен Кыргызстан Карачи – Кашгар – Бишкек транспорт коридорун өнүктүрүүсүн талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Пакистандын Улуттук логистикалык корпорациясынын (УЛК) башкы директору Фаррух Шахзад Рао менен жолугушту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Шахзад Рао Карачи-Кашгар-Бишкек транспорт коридорун (Каракорам автожолу) жыл бою иштөөгө өткөрүү жана жакынкы күндөрдө Бишкекке транзиттик жүк менен биринчи автоколонна келүүсү пландалып жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле пакистандык делегациянын өкүлдөрү Пакистандын эң ири мамлекеттик транспорттук-логистикалык компаниясы болгон NLC компаниясынын ишмердүүлүгү жана анын Кыргызстан менен кызматташуусун өнүктүрүү пландары тууралуу айтып беришти.

Эдил Байсалов пакистандык тарапка соода-логистикалык максаттарда мамлекеттер аралык биргелешкен ишкана түзүү жана Пакистандын Улуттук логистикалык корпорациясынын Бишкекте өкүлчүлүгүн ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.