> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жыл башынан бери Кумтөрдө 14 тонна алтын казылып алынган
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/10/18/zhyl-bashynan-bieri-kumtordo-14-tonna-altyn-kazylyp-alynghan/
- Published: 2023-10-18T05:10:45.000Z
- Updated: 2023-10-18T05:10:45.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылы Кумтөрдө 14 тонна алтын казылып алынган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын президенти Алмаз Барыктабасов билдирди.**

Анын айтымында, 2021-жылы кенден 14.5 тоннага жакын, 2022-жылы 17 тоннага жакын алтын казылган.

Эске салсак, депутаттар «Кумтор Голд Компанинин» ишмердүүлүгүн, алтын өндүрүүнү жана сатууну изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө» ЖКнын токтомунун аткарылышын карашкан.