Жыл башынан бери Кумтөрдө 14 тонна алтын казылып алынган

2023-жылы Кумтөрдө 14 тонна алтын казылып алынган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын президенти Алмаз Барыктабасов билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылы кенден 14.5 тоннага жакын, 2022-жылы 17 тоннага жакын алтын казылган.

Эске салсак, депутаттар «Кумтор Голд Компанинин» ишмердүүлүгүн, алтын өндүрүүнү жана сатууну изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө» ЖКнын токтомунун аткарылышын карашкан.